super.kg logo

Ала-Букада киши өлтүрүүгө шектелип 5 адам кармалды (фото)

 

Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө жана бейбаштыкка шектүү катары 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-январь күнү саат 01:50 чамасында милицияга Ала-Бука райондук ооруканасынан 1995-жылы туулган А.Ш. аттуу тургун денесине учтуу нерсе менен сайылган жараатынан улам каза болуп калгандыгын билдиришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жансыз денеге карата соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган жана окуяга катыштыгы барларды аныктап тергөөгө камсыздоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган.

Окуя Ала-Бука айылындагы «Олигарх» кафесинде орун алгандыгы, анда Ала-Бука районунун 25-30 жаштардагы тургундарынын ортосунда мушташ чыккандыгы жана Самар аттуу баланын бычак шилтеп бир топ адамдарга сайып алгандыгы такталган. Натыйжада 4 (төрт) жаран денелеринен ар кандай жарааттарды алышып ооруканага түшкөн жана бирөөсү (А.Ш.) алган жаракатынан улам өзүнө келбей каза болуп калган.

Аталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүүгө шектүү катарында Ала-Бука районунун 1997-жылы туулган Ж.С. аттуу тургуну кармалып, 2 айга камакка алынды.

Ал эми бейбаштыкка шектүү катарында Ала-Бука районунун тургундары 1999-жылы туулган Т.Б, 1999-жылы туулган М.Э., 2000-жылы туулган Ж.Д., 1994-жылы туулган Ж.Э., 1994-жылы туулган М.Б. 15 күндүк мөөнөткө кармалышып, Ала-Бука РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.01.2023. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушудан кору уйундо малдын кыгын тазалаганында ушундай болсок эмес, КУДАЙ буйурбаса Айла жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: