super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын мүчөлөрүн кабыл алды

 
Бүгүн, 9-декабрда президент Алмазбек Атамбаев ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын мүчөлөрүн кабыл алды. Мамлекет башчыга кыргыздын эпикалык трилогиясы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын шедеврлеринин атайын тизмесине киргизилгендиги  тууралуу ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин чечиминин көчүрмөсү тапшырылды.

Алмазбек Атамбаев Улуттук комиссиянын мүчөлөрүнө аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирип, ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйынынын ишине катышууга барган делегацияны жетектеген Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаковдун эмгегин баса белгиледи. Өлкө башчы бул окуянын Кыргызстан эли үчүн мааниси зор экендигин айтты. Президент “Манас” үчилтигинин ЮНЕСКОнун тизмесине кириши дүйнөлүк коомчулук кыргыз эпосунун дүйнөлүк маданияттагы маанисин тааныгандыгынын ачык далили экендигин билдирди. Эскерте кетсек, "Манас" үчилтигин ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын атынан каттоо чечими 4-декабрда Бакуда кабыл алынды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: