super.kg logo

Ошто тургундун 16 миң сомун опузалап алган жаран абакка камалды

 

Ошто опузалап талап кылууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчѳсү кармалды. Ал 26 жаштагы Өзгөн районунун тургуну А.А. болгон. Маалыматты облустук милициядан таратышты.

Милицияга 2022-жылдын 18-апрелинде М.Т. аттуу жаран кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 23:00 чамасында Аман аттуу жигит достору менен келип, жабырлануучуну өзүнүн унаасына отургузуп, опузалап талап кылып, 16 миң сомун алып койгондугун айткан. Ошол эле маалда ага чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-берене (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү 17-январда кармалып, күнѳөсүн толук моюнуна алган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган. Буга чейин он жолу кылмыш жообуна тартылган. Анын Ош шаарындагы батирине тинтүү жүргүзгөндө бир даана Наган үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана үч даана огу менен алынды.

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды. Мындан тышкары шектүү менен бирге кылмыш жасаган шериктерин аныктоо жана алардын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча тергөө иштери уланууда.

Ош облустук сотунун чечимине ылайык, шектүү 2 айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: