super.kg logo

Ысык-Көлдөн 24 килограмм гиряга байланып чөктүрүлгөн аялдын сөөгү табылды

 

Ысык-Көлдөн 24 килограмм гиряга байланып чөктүрүлгөн аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар 7-сентябрь күнү Ысык-Көлдөн (Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда) азиат түспөлүндө, 30-35 жаштагы аялдын сөөгү сууга калкып чыкканын байкашкан. Алгач күтүлбөгөн кырсыктан чөгүп кетти деп ойлошкону менен, кийинчерээк бутуна жип байланганын көрүшкөн. Суудан алып чыкканда аял 24 килограмм гиряга байлнып чөктүрүлгөнү белгилүү болгон. 

Ысык-Көл ОИИББи тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Денеси сууда жатып шишип кеткендиктен, маркумду таануу мүмкүн болгон эмес. 

Бир нече экспертизадан кийин ноябрь айынын аягында Балыкчы шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Махабат Сарбагышева экени аныкталган. 3 айдан кийин шектүү деп Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Балыкчы шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган А.Т. кармалган.  

Алдын ала божомолдорго караганда, өлтүрүүгө пикир келишпестик себеп болгон. Көрсөтмөлөр боюнча, кармалган бала менен кыздын урушу 28-августта Кеминде башталган. Кызды муунтуп салган соң БМВ үлгүсүндөгү унаасына салып үйүнө алып келген. Ал жерден 24 килограмм гиря менен жипти алып көлгө алып барган. Жээктен 10 метр алыс жерге чөктүрүп, окуя болгон жерден кетип калган. 

Бир жумадан кийин денеси суунун бетине чыгып калбагандыгын текшерүү үчүн келген. Кыздын сөөгү 10 күндөн кийин көлдүн бетине калкып чыккан. 

Туугандары маркумду тааныган соң сөөгү жерге коюлган. Азыркы тапта кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.12.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкааачы
09.12.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак!!!
10.12.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм ортодо кандай окуйа болду экен эмне себептен?
10.12.2013. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бирөөнүн мойнуна алдырды да,дегеле биздин менттер тез эле ,,кылмышкерди" таап алышат.
10.12.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызганууда, андан башка эмне болмок эле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: