super.kg logo

Бишкекте уурулук менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун башчысы кармалды

 

Бишкекте уурулук менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун башчысы кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан өткөн жылы жасалган мамлекеттик мүлктү уурдоо фактысы боюнча кылмыштын бети ачылды.

Маалымдалгандай, 2022-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын Ленин РИИБине арыз келип түшкөн. Анда ушул эле жылдын 10-апрель күнү Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан мамлекеттик мекемелердин биринин имаратына кирип, мекеменин ишинде колдонулган жабдууларды, анын ичинде эки ноутбукту уурдап кетишкени айтылган. Анын натыйжасында арыздануучуга ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган жаран 1984-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган.

Алынган маалыматка ылайык, аталган жаран Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, Бишкек шаарынын аймагында жана башка аймактарда уурулук боюнча адистешкен кылмыштуу топту жетектейт.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: