super.kg logo

Ошто УКМКнын кызматкери 15 миң доллар пара менен кармалды

 

Ош шаарында УКМКнын тергөөчүсү 15 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Башкы прокуратурага О.А. аттуу жаран УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын Т.Ы. аттуу тергөөчүсүнө жана аталган башкармалыктын башка кызмат адамдарына карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

Арызда, ага карата козголгон кылмыш ишин кыскартуу үчүн жогоруда аты аталган кызматкерлер 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылышкандыгы көрсөтүлгөн.

Аталган арыздын негизинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

"2023-жылдын 20-январында УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратында тергөөчү Т.Ы. 15 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалды. Азыркы тапта бул иш боюнча башка кызмат адамдарынын кылмышка катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Аталган иш-аракет Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана ИИМдин жетекчилеринин көзөмөл, укук коргоо органдарындагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлерди тазалоо боюнча макулдашуусунун негизинде жүргүзүлгөн.

Бул багыттагы иш-аракеттер улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.01.2023. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына коррупция
21.01.2023. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15миңдин 10миңи Ташиевтин долясы эледа
21.01.2023. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lev79койсоң коён
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: