super.kg logo

Жо Байдендин үйү 12 саат тинтүүгө алынып, жашыруун документтер табылды

 

АКШнын Юстиция министрлигинин кызматкерлери Делавэр штатынын Уилмингтон шаарындагы президент Жо Байдендин үйүн тинтип, жашыруун документтердин жаңы партиясын табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тинтүү иштери 20-январда жүргүзүлүп, 12 саатка созулган. Жалпысынан “жашыруун” жана “тийиштүү материалдар” деген белги коюлган алты документ табылган.

Ошондой эле Байдендин үйүн тинтүүгө алган кызматкерлер Байден вице-президент болуп турганда жазылган бир нече кол менен жазылган жазууларды алып кетишкен.

Бул тергөөчүлөр тапкан жашыруун документтердин үчүнчү партиясы. Биринчиси 2022-жылдын ноябрында Пенн Байден борборунун аналитикалык борборунда табылган. Алардын арасында АКШнын чалгындоо кызматынын отчёттору, Украина, Иран жана Улуу Британияга тиешелүү брифинг материалдары бар болгон. Америкалык лидер алардын ошол жерден табылганына таң калганын билдирген.

Экинчи партия Байдендин Делавэрдеги үйүнүн гаражындагы кампадан, ошондой эле бөлмөлөрдүн биринен табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.01.2023. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Демократия бар олко учун президенттин уйун дагы тунтууго болот. Бизде уйуно жакын жолой дагы албайбыз.
22.01.2023. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bazana демократия бар үчүн каалаганын кылып кудайдан коркпойт Аллах сөзсүз жазалайт деген болот демократияны Исилам колдобойт динде жүрсөң таза жүрөсүң демек таза болгон үчүн дин сени ким текшерет
22.01.2023. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо президентиктен алынабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: