Акылбек Жапаров Бишкекке башка жактан келген унааларды киргизбөөнү сунуштады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекке башка жактан келген унааларды киргизбөөнү сунуштады.
Ал райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда 20-январда өткөн республикалык кеңешмеде Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровго бир нече тапшырма берди.
Ошондой эле транспорт жана байланыш, ички иштер министрликтерине эки жумалык мөөнөттө шаардагы унаалардын санын тактоону тапшырды.
"Бишкектин тургундарынын унааларынын так санын аныктагыла. Бөлөк жактан келген унаалардын баарына шаардын кире беришине "тузактарды" койгула. Азыр биз 1,5 миң автобус алсак, элдин баары шаарга кире бериште унаасын унаа токтотуучу жайга токтотуп коюп, автобус менен Бишкектин ичине кириш керек. Канча киши Бишкекке келем десе, ар бири бирден машина айдап алып келип жатпайбы. Биз ыш боюнча маселени чечкенге мүмкүнчүлүк барбы, чечели да", - деди ал.
Белгилей кетсек, дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде ушул күндөрү Бишкек биринчи сапта турат.
Акылбек Жапаров Бишкекке сырттан унаа киргизбөөнү сунуштады






1 |