super.kg logo

"Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген". Мурдагы башкы бухгалтер кармалды

 

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мурдагы башкы бухгалтери кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, тиешелүү кызматкерлер тарабынан министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде текшерүү жүргүзүлгөн.

"Текшерүүдө агенттиктин айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан пайдаланып, жеке материалдык пайда табуу максатында бухгалтердик документтерди жасалмалоо жолу менен ведомствонун кызматкерлерине эмгек акы төлөө аракетин шылтоолоп, агенттиктин С.Н. аттуу башкы бухгалтеринин өздүк эсептерине которуу жолу менен бюджеттик каражаттарды системалуу түрдө чыгарганы жана өздөрүнө ыйгарып алгандыгы аныкталган", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында агенттиктин бюджетинен 6 миллион сомдон ашык каражат чыгарылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган агенттиктин мурдагы башкы бухгалтери, ал эми азыркы учурда "Бишкекжашылчарба" мамлекеттик ишканасынын башкы бухгалтери С.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.01.2023. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кайра кайталанбайт деп үмүттөнөм. . . .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: