super.kg logo

"Эмне иш кылып жатканыңарды өзүңөр билесиңер". Ташиев министрлерге эскертүү берди

 
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегиси келбеген аткаминерлерге эскертүү берди. Ал мамлекеттик кызматка келип байып кетем дегендер тууралуу маалыматтар бар экенин айтып, таза иштебегендер балээге кабыларын белгиледи.
"Ушул жерде отургандар өзүбүздү тазабыз деп сезебиз, бирок эмне иш кылып жатканыңарды өзүңөр билесиңер. Айрыкча жергиликтүү бийлик органдары, урматтуу министрлер. Кесиптештерим менин, эгер кимдир бирөө мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегиси келбей жатса, эшик ачык. Баргыла да, бизнесиңерди кылып байып, жыргап жашай бергиле. Эч кандай маселе жок, эч ким тоскоол болбойт. Бирок мамлекеттик аткаминер бардар турмушта жашабашы керек. Негизи эле мамлекеттик кызматкер байышы мүмкүн эмес. Аким, губернатор, министр болуп байыйм деген мурунку психологияны алып ыргытыш керек. Эми андай болбойт", - деди Ташиев.
Ошондой эле ал мурда мамлекеттик кызматка акча берип орношкондор көп болгонун кошумчалады.
"Мурда ар бир кызматтын "ставкасы" бар эле, азыр жетекчилердин бир тыйын алуу оюнда дагы жок. Силер деле ошентип иштей бергиле да. Аким, мэр болсоңор эле "каяктан байысам, аялыма машина, балама үй алып берейин" деп жатасыңар, маалыматтар бизде бар. Үй керекпи, өкмөткө кайрылгыла. Азыр президенттин тапшырмасынын негизинде ипотекага берилүүчү үйлөр салынууда. Бардык мамлекеттик кызматкерлерди үй менен камсыздайлы, керек болсо. Жеңилдетилген шарттагы ипотека аркылуу 20-25 жылга 2-4 пайыз менен алгыла. Таза жүргөн жакшы, тигини-муну алып берем деп жатып балээге калып жатасыңар. Этият болгула!" - деди атайын кызматтын башчысы.





Видео: Интернеттен алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: