Бишкекте чогуу спирт ичимдигин ичкен жаранды бычактап салган адам кармалды



Бишкектеги Төмөнкү Ала-Арча айылында чогуу спирт ичимдигин ичкен адамды бычактап салганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 23-январда милицияга бычактан алган жаракатынан улам каза болгон адам тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча дароо кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Г.А. аттуу жаран кармалды.
Шектүү жаран маркум менен чогуу спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодогу пикир келишпестиктин айынан маркумду бычак менен сайганын айтып берген.
Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
XATSAN125

23.01.2023. 16:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул сыяктуулардын кулактарын кесип салыш керек да коомчулук билиш керек кайсы шакал экенин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.