super.kg logo

"Токтоткулачы, сураныч!". Ерке Есмахандын өзүнөн 12 жаш кичүү күйөөсү билдирүү жасады

 

Казак ырчысы Ерке Есмахандын күйөөсү, рэпер Раим жубайларды айыптап, кысым көрсөтүүнү токтотуу өтүнүчү менен кайрылуу жасады.

"Ар бир адамдын өзүнүн мурдагы жашоосу бар, өзүңөр идеалдуу болгонсуп, эмне үчүн экөөбүздүн артыбыздан түштүңөр? Эгер издесе, ар бир адамдын кемчилиги бар. Алсыздыкка алдырбагыла. Адам эмес, Кудай каалагандай болот", - деп кайрылуу жасады ал.

Ал ошондой эле текеберликтен, тарбиядан жана акылдан ажырагандар гана жубайлардын ортосундагы ишке кийлигишет деп эсептей турганын кошумчалады.

"Уккуңар келсе анда айтайын! Чарчадык. Жашообуздан, чыгармачылыгыбыздан айрылсак да сүйүүбүздү жогото албасыбызды түшүндүк. Токтоткулачы сураныч!", - деп жыйынтыктады ал.

Ерке Есмахан менен Раимдин мамилеси жакында гана расмий түрдө тастыкталды. Мындан улам көптөгөн социалдык тармактын колдонуучулары ырчылардын мамилесин сынга алып жатышат. Себеби эки ырчынын ортосундагы жаш айырмачылыгы 12 жаш.

Жубайлар ортодогу жаш айырмачылыгына карабай 20-январь күнү нике кыйдырганын жар салышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: