super.kg logo

Чолпон-Атада кызды салфетка салгыч менен башка чапкан жаран кармалды (видео)

 

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы кафеде белгисиз жаран 25 жаштагы кызды салфетка салгыч менен уруп жиберген. Мындан улам жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Арызда аны эч себепсиз эле салфетка салгыч менен башына уруп, денесине залал келтиргенин билдирген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери, кафеде орнотулган видео көзөмөлгө түшкөн тасманы изилдеп чыгып, көп узабай шектүүнү кармоого үлгүрүшкөн.

Ал Чолпон-Ата шаарынын 27 жаштагы тургуну, мурда кылмыш жообуна тартылган Ы.Б. болуп чыкты.

Шектүү катары кармалган жаран райондук милициянын тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн алып барылган.

Аталган окуя боюнча "ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






Чолпон-Атада кызды салфетка салгыч менен башка чапкан жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.01.2023. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шүмшүк экенго,жөн эле олтурган адамга тийишкен.
24.01.2023. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга окшогон зөөкүрдүн колун сындырып көтүнө тыгып койуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: