super.kg logo
  Саясат  

Бакасов педофилдерди хирургиялык жол менен бычууну киргизүүнү сунуштады

 
Бүгүн, 24-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Улан Бакасов педофилдерге хирургиялык бычууну киргизүүнү сунуштады.
"Жашы жете элек балдарга карата зомбулук маселеси резонанс жаратууда. Балдарды коргоо үчүн педофилдерге жоопкерчиликти күчөтүү зарылчылыгы турат. Негизи педофилдер өлүм жазасына татыктуу. Бирок Баш мыйзамда өлүм жазасына тыюу салынган. Ушуга байланыштуу Конституцияга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү талап кылынат", - деди Бакасов
Сунуштар:
- жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор психиатрдын текшерүүсүнөн өтүшү керек;
- педофилияга жакындыгын, кастрация кылуунун зарылчылыгын дарыгерлер аныкташат;
- мындай экспертиза соттолгон киши бошотулганга чейин алты айдан кечиктирилбестен өткөрүлүшү керек.
Ошондой эле ал балдарга зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны катаалдатып, 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштоодо.
Тармактык комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: