Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлүп жатат
Бүгүн, 24-январда Бишкек шаарындагы Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдан кабарлашты.
Министрликтен билдиришкендей, жеринде тилсиз жоону өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп, Штаб, 1 автошаты, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана ыкчам топ иш алып барууда.
Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада иштеп жатышат.
Буга чейин аталган турак жайдагы өрт саат 13:00 чамасында тутанганын окурман билдирген болчу.
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлүп жатат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.