super.kg logo

Ала-Букада мыйзамсыз алтын казууга аракет кылгандар кармалды

 

Ала-Букада мыйзамсыз алтын казууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кен казуучу фирмалардын биринин күзөт бөлүмүнүн кызматкери милицияга билдирүү менен кайрылган. Анда ушул жылдын 20-январына караган түнү болжол менен саат 04:05 чамасында кен казуучу ишкананын кире беришинен Чаткал районунун тургундары кармалгандыгын билдирген.

Мындан сырткары кен казуучу фирманын мыйзамдуу өкүлү А.Т. арыз менен кайрылып, кармалган балдарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында Чаткал районунун тургундары 1978-жылы туулган О.Р., 1990-жылы туулган К.Т., Т.Э., 1991-жылы туулган К.С., 1996-жылы туулган С.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алардын баш коргоо чарасы Ала-Бука райондук сотунда каралып, баары үй камагына чыгарылган.

Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн башка шериктери бар же жок экендигин тактоо боюнча тергөө иштери толугу менен жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: