super.kg logo

Чүйдө жеке турак үйдөн баңгилаборатория табылды (фото, видео)

 

Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңги лабораториясы табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, кылмышты жасоого шектүү катары Чүй облусунун 63 жаштагы К.С. аттуу жашоочусу кармалды.

Тинтүү жүргүзүү учурунда анын үйүнөн алты даана үч литрлик, үч даана бир литрлик, бир даана жарым литрлик банка жана үч даана баштыкта салынган кургатылган кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Алынган заттын жалпы салмагы 2,5 килограммды түзөт.

Мындан сырткары, баңгизаттарды даярдоо, таңгактоо, сатуу жана колдонуу үчүн жабдыктар табылган. Алар электрондук тараза, кайчы, 100 миллилитр көлөмүндөгү 12 бөтөлкөдөгү спирт, үч даана скотч, баңгизатты колдонуу үчүн бульбулятор, баштыкта салынган аарынын мому, медициналык скальпель.

Кармалган жаран жана далил заттар Аламүдүн райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.






Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгилаборатория табылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: