Абактан бошотулган акын Болот Назаровго аргымак мингизишти (видео)
Сот залынан бошотулган акын Болот Назаровго аргымак тартууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Болот акынга жакшы тилектерин айтып, эркиндикке чыгышына тилектеш болгон элге, чыгармачыл интеллигенцияга, журналисттерге жана салт менен наркты билип акыныбыздын анча-мынча ашыкча эркелигин түшүнө билип акыйкат чечим чыгаргандарга чоң рахмат!
Кыргыздын салтын кылып “Айтыш” коомдук фонду Ачекей айылына чогулуп акындын башын куттуктадык! Аргымакты алдына тарткан ага-инилериме рахмат!", - деп жазды Мирлан Самыйкожо.
Белгилей кетсек, Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин "тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Ал 2022-жылдын 9-ноябрында Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан тоноочулукка шектелип кармалган.
Кечээ, 24-январда Москва райондук соту Болот Назаровдун ишин кыскартып, сот залынан бошоткон.
Болот Назаровго аргымак тартууланды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
jam77

25.01.2023. 10:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай күчтүү ат..
patriot.kg94

25.01.2023. 15:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бир ат алып берип койойлу дешкен окшойт)) эми ат урдабай жур деп
Antiradikal12

27.01.2023. 02:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
patriot.kg94, Комчижон акен Болоттун оз аты бар экенин билип эми мындан ары окшошо турган жалаа ойлоп тапсын дегени элдин......
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.