"Үлгүрбөйбүз". Бекешев ОСАГО мыйзамын 2024-жылга чейин жылдырууну сунуштады
Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзамдын аткарылышын 2024-жылга чейин жылдырууну сунуштады.
Депутат айдоочулар 1-апрелге чейин жетишпей турганын жүйө келтирди.
"Унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча көп кайрылып жатышат. Эки ай эле калды. Негизи камсыздандыруу керек. Өнүккөн мамлекеттердин баарында бар. Бирок ушул темп менен кете берсе, эч ким жетишпей калат. Жетишүү үчүн күнүнө эң азы 10 миң унаа камсыздандырылышы керек болчу. Ага камсыздандыруучу компаниялар да, айдоочулар да даяр эмес. Жай же күзгө чейин, же болбосо 2024-жылдын 1-январына чейинби, айтор жылдырып туруш керек. Убакыт керек, көбүнчөсү үлгүрбөй калып, жөн жерден айып пул төлөйт. Бул маселени карап чыкпасаңар, чоң көйгөйгө айланат", - деди Бекешев.
Белгилей кетсек, ОСАГО жөнүндө мыйзам жети жыл мурун кабыл алынган. Бирок документти ишке ашыруу ушул жылга чейин бир нече жолу кийинкиге калтырылып келген. Эми өлкөдө айдоочулар автотранспорттук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) ушул жылдын башынан тарта алып башташы керек. 1-апрелден тарта полиси жокторго 3000 сомдон айып пул салынары кабарланган.
Жогорку Кеңеш 25.01.23.


1 |