super.kg logo

Таластын Бекмолдо айыл аймагынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды

 

Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 2021-жылы Бекмолдо айылында ички чарбалык жолдорду оңдоо жана асфальттоо иштерине 24 миллион сомго тендер өткөрүлгөн. Тендерден кийин “Календер курулуш” ЖЧКсы менен келишим түзүлүп, аталган подряддык уюмдун эсебине 5 миллион 186 миң сом (биринчи транш) которулган.

"Андан кийин подрядчы тарабынан которулган каражаттардын толук өздөштүрүлгөнүн көрсөтүүчү аткарылган иштердин актысы берилген. Мындан тышкары, “Календер курулуш” ЖЧКсы күйүүчү-майлоочу майларга жана башка материалдарга болгон баанын көтөрүлүшүнө таянып, негизги суммага кошумча төлөө зарылчылыгы боюнча талаптарды коюп, ишти убактылуу токтоткон. Ошол эле учурда жогорудагы аткарылган иштер стандартка жооп бербей, аткарылган иштин өздүк наркы бир топ жогорулаган", - деп айтылат маалыматта.

Аныкталгандай, Бекмолдо айыл аймагынын башчысы Б.С. “Календар курулуш” ЖЧК подряддык уюмунун жетекчиси И.М. жана техникалык көзөмөлдөөчү Д.К. менен кылмыштуу көмүскө бүтүмгө барып, жогорулатылган баада аткарылган иштердин актысына кол коюшкан.

Жогорулатылган баанын ашыкча көлөмүн аныктоо жана тактоо максатында аткарылган иштердин иш жүзүндөгү көлөмүн №19 жол тейлөө мекемесинин, Талас райондук архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын, Капиталдык курулуш жана архитектура башкармалыгынын адистерин тартуу менен контролдук эсептөө жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмү (шагыл төшөө, асбест суу түтүктөрүн монтаждоо жана пандустарды жана айланма жолдорду оңдоо) 1,5 миллион сомдон ашпаганы аныкталып, жыйынтыгында жалпы суммасы 3,5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул кылмыш ишинин алкагында Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын башчысы Б.С. жана “Календер-курулуш” ЖЧКсынын директору И.М. кармалды. Алар Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: