super.kg logo

Быйыл “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында конок үйлөр курулат

 

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында быйыл конок үйлөрдү куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалымдалгандай, өткөн жылы парктын жолу оңдолуп, жарыктандыруу иштери аягына чыгарылган.

"Улуттук Ала-Арча жаратылыш паркы жылдын төрт мезгилинде тең туристтерди тосуп алып, кооздугу менен суктандырат. Эс алууга, жакындарыңыздар менен сейилдеп келүүгө абдан ыңгайлуу, коопсуз жана шаардан алыс эмес. Сиздерди жагымдуу убакыт өткөрүп кетүүгө чакырабыз. Өткөн жылы жолун оңдоп, жарыктандыруу иштерин аягына чыгардык. Бул жылы конок үйлөрдү курууну, мекенибизге келген меймандарыбызга шарт түзүүнү максат кылып жатабыз", - деп жазган Туманбаев.

"Ала-Арча" паркы мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак, улуттук парк. Аянты 19,4 миң гектарды түзөт.






Быйыл “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында конок үйлөр курулат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: