super.kg logo
  Саясат  

ОСАГО мыйзамынын мөөнөтү кийинкиге жылдырылат

 

Унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзамдын аткарылышынын мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Шакиев кечээ күнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, депутаттардын сунушун айтканын жана мыйзамдын аткарылышынын мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашканын айтты.

Бирок качанкыга чейин жылдыруу тууралуу сөз болгонун ачыктаган жок.

Буга чейин бир катар депутаттар унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзамдын аткарылышын кийинки мөөнөткө жылдырууну сунуштаса, айрымдары милдеттүү эмес ыктыярдуу кылуу керектигин айткан.

Белгилей кетсек, ОСАГО жөнүндө мыйзам жети жыл мурун кабыл алынган. Бирок документти ишке ашыруу ушул жылга чейин бир нече жолу кийинкиге калтырылып келген. Эми өлкөдө айдоочулар автотранспорттук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) ушул жылдын башынан тарта алып башташы керек. 1-апрелден тарта полиси жокторго 3000 сомдон айып пул салынары кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: