Боомдо жүк ташуучу унаа оодарылып жүргүнчүсү каза болду (видео)
Боом капчыгайында жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылып, бир адам каза болду. Бул туурасында SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу уктап кетип, рулга ээ боло албай калган. Ал тосмону сүзүп, кырсыктын кесепетинен 1985-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран каза болгон.
Окуя бүгүн, 26-январда болжол менен саат 12:00дө Бишкек - Нарын - Торугат жолунун 126-чакырымында орун алган.
Боомдо тосмону сүзгөн жүк ташуучу унаа оодарылып жүргүнчүсү көз жумду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.