Шавкат Мирзийоевди аэропорттон Садыр Жапаров тосуп алды (сүрөттөр)












Бүгүн, 26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунда Өзбекстандын лидерин президент Садыр Жапаров тосуп алды.
"Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото ардактуу кароол тизилди. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз артисттеринин коштоосундагы концерттик программаны көрүштү" деп айтылат маалыматта.
Өлкө лидерлери мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 27-январда тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары маалымдалды.
Шавкат Мирзийоевди аэропорттон Садыр Жапаров тосуп алды




1 |