super.kg logo

Куран китебин өрттөгөн саясатчы түрк лидерине шарт койду

 

Өткөн ишембиде Стокгольмдогу түрк элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн даниялык ашынган оңчул “Катуу келишим” партиясынын лидери Расмус Палудан президент Режеп Тайип Эрдоганды Швеция НАТОго кошулмайынча жаңы аракеттерди көрөрү менен коркутканын Aftonbladet жазды.

Радикал басылмага анын жаңы экстремисттик аракеттерин ишке ашыруусу Швецияны НАТОго киргизгиси келбеген “президент Эрдогандын өзүнөн” көз каранды экенин айтты. Эгерде Анкара Стокгольмго НАТОго кошулууга уруксат берери менен, Палудан "эч качан түрк элчилигинин алдында Куранды өрттөбөй" турганын билдирген.

Саясатчы өткөн ишембиде Стокгольмдо Түркиянын элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн. ЖМКлар ал бул аракетине Швеция бийлигинен уруксат алганын жазышкан.
Бул акциядан кийин Эрдоган Швеция НАТОго кошулуу үчүн Түркиянын макулдугун күтпөй эле койсо болорун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: