super.kg logo

Кыргыз улуттук университети Түштүк Кореяда күрөөдө турабы? Министрликтин жообу

 

Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов Кыргыз улуттук университети Түштүк Корея өлкөсүндө күрөөдө турабы деген суроо менен Билим берүү жана илим министрине кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-январдагы "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында собол салды.

"Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети учурда Түштүк Корея өлкөсүндө күрөөдө (залогдо) турат экен. Улуттук макамы бар биздин жогорку окуу жай ушундай күрөөдө турганы абдан өкүнүчтүү. Ушул боюнча маалымат берип койсоңуз?" деп министр Уланбек Мамбетакуновго кайрылды.

Билим берүү жана илим министри Мамбетакунов аталган суроо боюнча маалыматты жазуу түрүндө берүүнү сунуштап, аталган маселени университеттин ректору менен жолугуп талкуулоо пландалганын кошумчалады.

Ал эми билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Кореядан университет аркылуу насыя алынганын айтып, ал өз учурунда кайтарылбаганын билдирди.

"2011-жылы Корея мамлекетинен аталган университет аркылуу Исманкулов клиникасында жабдыктар үчүн насыя алынат. Жабдыктарды алып, каражатты иштетет. Бирок насыя өз учурунда кайра Корея өлкөсүнө берилген эмес. Министрлик тарабынан буга чейин кандай аракеттер болгону жазуу түрүндө жооп берилет.

Азыр биз бардыгын сотко бердик. Сот аркылуу Түштүк Корея өлкөсүнүн өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугуп, сот аркылуу баарын мыйзамдаштырып жатабыз. Сот процесстери жүрүүдө", - деп жооп кайтарды ал.

Эл өкүлү Атажанов университет аркылуу алынган насыя, анын багыты, иштетилген натыйжасы боюнча маалымат берүүнү талап кылып, ага тиешелүү жетекчилер жоопкерчиликке тартылышы зарылдыгын белгиледи.






Жогорку Кеңеш 27.01.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.01.2023. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Университетти кое туруп Ак уйду эле залогго койбопсунар......
27.01.2023. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Antiradikal1 2011 жылы койулган экен убактылуу өкмөт Канчык Роза апаң койгон экен
27.01.2023. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мына тамаша, ана тамаша...... Сат сат сат, колтугундун жунун сат.......
27.01.2023. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Джусупбекова Надира Сынташева
27.01.2023. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Исманкулов бети бет эмес эле,уйдун богу болуп бутуптур да,кантип кыйналбай,ойлонбой,догурунуп жашап журот . Алымкадыр Бейшеналиев чын эле куйуп айткан экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: