super.kg logo

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Абас Чикеев дүйнө салды

 

Бүгүн, 27- январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абас Чикеев дүйнө салды. Бул тууралуу кабарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги таратты.

Маалыматка караганда, ал оорудан улам көз жумган.

Өмүр баяны:

Абас Чикеев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 1947-жылы 21-июлда туулган.

1963-жылы Республикалык Эл чыгармачылыгы үйүнүн аккордеончулар курсун бүтүрүп, 1964–1967-жылдары М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.

1967–1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1969-жылы радиодо диктор, 1971-жылы Ысык-Көл радио-телеберүүсүндө башкы диктор болуп иштеген.

1977-жылы Бүткүл Союздук радио уктуруу боюнча телерадио кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу институтунун Ташкендеги филиалында дасыгын жогорулатып, ошол эле жылы Кыргыз телерадиокорпорациясына радионун диктору жана телерадиосунун оркестрине жана хоруна солист болуп которулган.

1980–1985-жылдары Кыргыз мамлекеттик орус тили жана адабияты педагогикалык институтунан, 1986–1991-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан билим алган.

Обончулар М.Рыскулбековдун «Чын эле мен сени таптымбы?», «Жаштыгым сен кайда кеттиң», К.Осмоновдун «Энекебай», «Тоолук кыз», М.Акматовдун «Баратабыз каякка», «Ак сүйүүмдү булгаба», Т.Казаковдун «Күйдүргүм», «Эстелик», А.Нурманбетовдун «Табияттын көркү сен» ырларын аткарган.

Бир катар КМШ өлкөлөрүндө чыгармачылык сапарда болуп, Бүткүл Союздук кароолордун бир нече жолку лауреаты жана Ардак грамоталар менен сыйланган.

1991-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: