super.kg logo
  Саясат  

Түрк элчиси: "Биз Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскердик билимине чоң маани беребиз"

 

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аскердик багыттагы кызматташтык акыркы жылдары өнүгүү жолуна түштү. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган "Пирамида" телеканалына берген маегинде билдирди.

"Акыркы жылдары эки өлкөнүн коопсуздук жана коргонуу тармагындагы кызматташтыгы кыйла өнүгүп жатат. Башкы максатыбыз Кыргызстандын жана кыргыз боордошторубуздун коопсуздугу болуп саналат. Биз өзгөчө кыргыз куралдуу күчтөрүнүн аскердик билимине чоң маани беребиз. Ар жылы Түркиядагы аскердик академияларга жана окуу жайларга Кыргызстандан окуучуларды кабыл алабыз. Өзгөчө биздин өлкөдөгү "Гүлхане" аскердик-медициналык окуу жайында окуп жаткан студенттер да бар. Ушул күнгө чейин жалпысынан 1600гө жакын кыргызстандык студенттер Түркиядагы жогоруда айтылган окуу жайлардан билим алышты", - деди ал.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан акыркы жылдары коопсуздукту бекемдөө максатында түркиялык компаниялар чыгарган учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алып келет. 17-январда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Кыргызстанга "Байрактар", "Акынжы", "Аксунгур" жана "Анка" учактары сатылып алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: