super.kg logo

Кара-Сууда Toyota Land Cruiser 200 унаасын аткылоо: Шектүүлөр кармала элек

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда 2 адамга ок чыгарган шектүүлөр кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Учурда шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чаралар улантылууда. Алар кармала элек", - деп билдиришти облустук милициядан.

27-январда саат 19:15 чамасында Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине Мерседес-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа менен 30-35 жаштардагы белгисиз ок атуучу куралчан, камуфляж формасын кийишкен жарандар келишкен. Алар үйдүн короосуна киришип, турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн Toyota Land Cruiser 200 жол тандабасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Октон 2 жаран жаракат алган. Алардын бири 32 жаштагы М.А. ич тарабына жараат алып жандандыруу бөлүмүнө, экинчиси 21 жаштагы Т.А. бутуна ок тийип ооруканага жатышкан.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Мерседес-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын Ош көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары Ош ОИИБинин короосуна токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.01.2023. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: