super.kg logo

Жалал-Абадда каракчылык менен алектенген топ кармалды

 

Жалал-Абад облусунда жарандарды карактоо менен шугулданган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан бир канча күн мурда облустук ички иштер башкармалыгына Ала-Бука районунун тургуну кайрылып, белгисиз жарандар бычак жана ок атуучу курал менен коркутуп, акча каражатын тартып алышканын билдирген. Жабырлануучунун айтымында шектүүлөр аны унаа менен Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарына жакын жайлоого алып барышкан. Ал жерде бычак менен оң колунун чыканагын тилип, тапанча менен бутка атып, 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын күчкө салып тартып алышкан.

Аталган фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Ушул эле окуяга окшош дагы бир арыз менен 2022-жылдын апрель айында А аттуу жаран милиция бөлүмүнө кайрылган. Ал жазган арызында өз унаасын Айбек жана Турар аттуу жарандарга 950 миң сомго сатканын, бирок 700 миң сомун гана алып, акчанын калган бөлүгүн бербей жүрүшкөнүн айткан. Жабырлануучунун айтымында, кийин аты аталган жигиттер арыз ээсин коркутуп, унааны толугу менен өздөрүнө каттатып алуу аракетин көрүшкөн. Ошондой эле 200 долларын жана 5 миң сомун алып кетишкен.

Бул факты боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр азыркыга чейин изделип келген.

28-январь күнү Жалал-Абад облустук милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарга шектүү жарандар кармалганы маалымдалды. Анда айтылгандай шектүү катары 39 жаштагы С.Т. жана анын шериги 31 жаштагы М.А аттуу жарандар колго түшүрүлгөн. Милиция эки жаран тең мурда соттолуп чыкканын жана алардын үйүнөн "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча, колго жасалган ок атуучу куралдар, бычактар жана БМВ үлгүсүндөгү унаа табылганын билдирген.

Учурда кармалгандар Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жана алардын баш коргоо чарасы бүгүн, 30-январда аныкталары айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: