Ысык-Көл: Жети-Өгүз районунда тынчтык митинги уланууда
Бүгүн, 9-декабрда Жети-Өгүз районунун Саруу, Дархан, Жеңиш, Жаргылчак, Оргочор айылдарында тынчтык митинги уланууда. Алардын талабы - “Кумтөр” боюнча кармалган балдарды бошотуу жана “Кумтөрдү” элдин пайдасына чечүү.
Митингдин катышуучусу Абай Узаковго байланышка чыкканыбызда ал: “Учурда абал бир аз оорлошуп жатат. Бизге спецоперация даярдап жатыптыр деп Бишкектен балдар чалышты. Ошондой эле райондун мал базарында милиция кызматкерлери чогулуп жатышыптыр”,- деп билдирди.
Ал эми күч органдары мындай маалыматты четке какты. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Сталбек Усубакуновдун айтымында, митингчилерге эч кандай күч колдонулбайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

