super.kg logo

Башкы прокурор Кемпир-Абад боюнча кармалгандар тууралуу маалымат берди

 

Бүгүн, 31-январда өлкөнүн башкы прокурору Курманкул Зулушев маалымат жыйында Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын иши тууралуу маалымат берди.

"Азыркы учурда Кемпир-Абад боюнча кармалгандар боюнча тергөө жүрүүдө. Прокурорлор баш коргоо чарасы боюнча гана сотко катышып жатат. Ушул нерсени терең түшүнүп алсак. Сотто алардын күнөөсү каралып жаткан жок. Баш коргоо чарасы каралып жатканда тергөөнүн кызыкчылыгы, тергөөнү далилдеш үчүн прокурорлор чыгаргыла деп тергөөнү басым жасай албайт. УКМКнын, ИИМдин же Башкы прокуратуранын кайсы гана тергөөчүсү камап алып тергейбиз десе биз ошого макул болобуз. Анткени тергөөчү өзү билет, ал ишти аныкташы керек. Ошондуктан прокурорлор баш коргоо чарасына гана катышып жатат. Ал жерде шектүүлөрдүн баары тергөөгө көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Алар кайрадан тергөөгө сурак беребиз дешсе, биз көзөмөлгө алабыз", - деди Зулушев.

Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция 20дан ашуун саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

Милиция кылмыш ишин козгоого алардын 22-октябрда борбор калаадагы кафелердин биринде өткөн жыйыны негиз болгонун билдирип, аларга карата коюлган айыптар боюнча далилдер жетиштүү экенин белгилеген. Ал эми кармалгандар муну саясий куугунтук катары баалап, күнөөсү жок экендигин айтып келишет.






Видео

Башкы прокураор Кемпир-Абад боюнча кармалгандар боюнча

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: