super.kg logo

Бишкекте кайгуул милициядан качкан унаа кырсыктап, 3 адам каза болду

 

Бишкек шаарында бүгүн, 31-январь күнү таңда автоинспекторлордон качып кеткен айдоочу кырсыкка кабылып, үч адам ошол жерде каза болду. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, эртең менен кайгуулчулар шаарды кыдырып жүрүп Тоголок Молдо көчөсүндө бир адамды күчтөп Subaru Legacy үлгүсүндөгү автоунаага салып кеткенин байкашкан.
Инспекторлор катуу үн чыгаргыч аркылуу машинаны токтотууга эскертүү берген, бирок айдоочу баш ийбей, ылдамдыгын күчөтүп айдап кеткени маалымдалат.
Андан соң унааны текшерүү үчүн артынан бара жатканда бир нече ирет кайрылып, токтошун талап кылышкан.
"Subaru Legacy тескерисинче катуу ылдамдык менен из жашырган. Андан соң аталган машина Төмөнкү Ала-Арча аймагында жол кырсыкка кабылганы аныкталды. Катуу бараткан автоунаа даракты, андан кийин темир-бетондон жасалган тосмону сүзгөн. Кайгуул милициянын кызматкерлери биринчи жардамды көрсөтүп, тез жардам чакырган", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, автоунаанын ичинде беш адам болгон. Үчөө кырсык болгон жерде каза болгон болсо, 20 жана 18 жаштагы уландар ооруканага жеткирилген.
Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.02.2023. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ГАИлерди камаш керек.
01.02.2023. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай болбойтда биронуу куч колдонуп салып Кети дегендечи булар качан Адам болот Камалсын Садыр Жапаров камагыла бул акмактарды
01.02.2023. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качпаш керек . Бир мандеми бар учун качты да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: