super.kg logo

Чүйдөгү ооруканада көзү өтүп кеткен адамдардын атына рецепт жазылып жүргөнү аныкталды

 

Чүй облусунун Панфилов районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунда 3 миллион 840 миң 304 сомго 3657 электрондук рецепт жазылып берилгендиги, анын ичинде каза болгон 66 адамдын атына да жазылган рецепттер бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, Панфилов райондук прокуратурасы тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлердин арыздарынын негизинде аталган жайда текшерүү жүргүзүлгөн.

"Былтыр 9 ай аралыгында белгисиз адамдар өзү же башкалар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында Панфилов районунун жалпы дарыгерлер борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлеринин тутумга кирүү мүмкүнчүлүгүн (логин жана пароль) колдонуп, мыйзамсыз рецепттерди жазып берип жүрүшкөн.

Ошондой эле калкты жеңилдетилген баадагы дары-дармек менен камсыздоо программасын ишке ашырууга катышкан дарыканалардан 3657 электрондук рецепт боюнча дары-дармектер мыйзамсыз берилип кеткен. Мамлекетке 4 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фонду тарабынан жалпы суммасы 3 миллион 840 миң 304 сом өлчөмүндөгү акча каражаты фармацевтикалык компанияларга которулуп берилген", - деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: