super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жооп берет: Шаардагы жаңы курулган имараттардын кырсыктарга туруктуулугу көзөмөлдөнөбү?

 
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 
Суроо: - Азыр шаарда көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Ошол курулуштарды ким көзөмөлдөйт?  Байкашымча, имараттардын сыртынан кеткен тепкичтери жок. Эгер кырсык болсо, ал жакта жашагандар кантип чыгышат? Же башка да жолдору каралганбы? Суроо калтырган Uulkan89
Жооп: - Көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнө караштуу Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук инспекциясы жүргүзөт. Көп кабаттуу турак үйлөрдүн бийиктиги 9 кабатка чейинки имараттарда Л1 (кадимки тепкич клеткалары) колдонулат. Эгер имараттын бийиктиги 28 метрден бийик болсо, анда подъезддин ичине түтөбөөчү тепкичтер коюлат. Түтөбөөчү тепкич клеткалар 3 түргө бөлүнөт:  

Н1 - түтөбөөчү, сырткы аба зонасы аркылуу ачык өткөөл боюнча кабаттан тепкич клеткасына чыгуучу эшиги бар тепкич клеткалары;  

Н2 - өрттө тепкич клеткаларына атайын аба үйлөгүчү бар тепкич клеткалары;  

Н3 - ар бир кабатта тепкич клеткаларына тамбур-шлюз аркылуу чыгуучу эшиги бар дайыма же өрт учурунда атайын аба үйлөөсү камсыз болгон тепкич клеткалары коюлушу зарыл. Мындан сырткары көп кабаттуу үйлөргө 15-кабаттан баштап авариялык люктар жана тепкичтер балкон, лоджияларда орнотулуш керек.

Суроого Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: