super.kg logo

Кадамжайда 2 жаштагы наристени сабаган келиндин атасын жана инисин өлтүрүп кетишкен

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда 2 жаштагы наристени сабаган аялдын атасы жана иниси 2022-жылдын сентябрь айында Тажикстан менен болгон кагылышууда каза болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына келиндин таякеси Мавлянжан Айдаров билдирди.

Мавлянжан Айдаровдун айтымында наристени урган келин депрессияда жүргөн.

"Мындан 4 ай мурун Тажикстан менен болгон кагылышууда жээнимдин (ред. наристени урган келин) атасы жана бир тууган иниси каза болгон. Ошондой эле апасы башынан жаракат алган. Ошондон бери жээним депрессияда болуп, түнү чочуп ойгонуп, атасы менен сүйлөшө берчү. Бул кызга психологиялык жардам керек эле, эмнеге минтип жазалап жатышат?", - деди Айдаров.

Ошондой эле Мавлянжан Айдаров күйөө баласына арызыңды ал деп барганын, бирок ал үйүнөн чыкпай койгонун кошумчалады.

"Бардык эле эне баланы ошентип тарбиялайт да. Балдары чалып алып "Бизди качан алып кетесиңер?" деп ыйлап жатат. Эркек башым менен өзүм шолоктоп ыйладым. Күйөө балама арызыңды кайра ал деп айтайын деп барсам үйүнөн чыкпай койду", - деп кошумчалады ал.

Буга чейин аталган окуяга байланыштуу аялга карата кылмыш иши козголгону кабарланган.
Эске салсак, 30-январда социалдык тармактарда энеси баласын сабап жаткан видео тарап, бул окуя көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан. Кийинчерээк аял баласын күйөөсүнө таарынганынан улам сабап, сабап жаткандагы видеосун жолдошуна жөнөткөндүгү белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.02.2023. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул окуяга Тажикстан менен кагылышуунун тиешеси жок.
01.02.2023. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нургазы эмнеге тиешеси жок экен эмне деген адамдар олуп кетти бир убакта атасы мн инисин жоготсо эри кетип калса башка аялга депрессия болотда
01.02.2023. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келинге камабай колдоо корсотуш керек,аягы жаман болот камакта.Чыгарып дем салдырып кучтуу молдого,психотерапевтке корсотуп дарылаш керек байкушту.Катуу стресс алган окшойт,жакындары катар олуп,куйоосу таштап кетсе любая аял жинди болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: