super.kg logo

"4 миң сом салсаң, 40 миң кылып беребиз". Окурман интернеттен акча жасаган шылуундар боюнча айтып берди

 

Интернеттен акча жасоону көздөгөн шылуундар көбөйдү. Мындай билдирүүнү окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

Анын айтымында, интернет аркылуу акчасын көбөйтүп берүүнү убада кылган шылуундар тийиштүү каражат котортуп алган соң из жашырып кетишет.

"Мында жарнама инстаграмдан кетет. Кийин сүйлөшүү Телеграм аркылуу жүргүзүлөт экен. Жарнамада "сиз бизге 3900 сом салып, кайра ошол эле акчаңызды 29 миң сом кылып алсаңыз болот. Эгер 4 миң салсаң 40 миң сом аласың" деген шарттар коюлган. Телеграмда алар (белгисиз интернет колдонуучусу) номер беришип, акчаны ал номерге которууну айтышат. Ал номер байланыш үчүн иштебейт. Мисалы, 4 миң сом которгон соң алар "сиз биринчи жолу катышып жатканыңыз үчүн 40 миң сомго комиссия алынат. Ал үчүн 2500 сом которуп коюңуз" деген билдирүү жөнөтөт. Ал сумманы которгон соң алар жок болуп кетишет экен", - деди ал.

Окурман жарандарды интернет шылуундарына алданып калуудан сак болууга чакырды.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.02.2023. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рас болуптур ушул сыяктуу иттерге ишенген озундо куноо
06.02.2023. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайлар кыяямат куну кантип жооп берем деп ойлонушпацт бекен а
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: