super.kg logo

Талиева 2 жашка толо элек кызын сабаган аялдын бир айга камакка алынышын сынга алды

 

Депутат Камила Талиева Кадамжайда 2 жашка толо элек кызын сабаган аялдын бир айга камакка алынышын сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн пикиринде ал келин атасы менен инисинен ажырап психологиялык жардамга муктаж болгондугу, мындан сырткары үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганы аз келгенсип, жарандык никедеги күйөөсүнүн айынан бир айга камакка алынган.

"Мындай "күкүк күйөөлөр" көбөйдү. Баласын карабайт, балдар энесинин багуусунда. Ошол үчүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдын укугун коргоп чыгалы, мен коомчулукка кайрылам. Ал аял эне, баарыбызда бала бар. Баласын психологиялык кыйынчылыкка тушугуп тургандыктан улам кичине какыс-кукус кылгандыр. Бирок камакка алып, балдарынан ажыратып анчалыкка барбайлы. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эне - мыйзамдык дагы зомбулукка кабылбашы керек. Кичине жеңил чаралар каралсын, коомчулук да жардам кылалы", - деди Талиева.

30-январда социалдык тармактарда энеси баласын сабап жаткан видео тарап, бул окуя көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы келинге карата кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийинчерээк аял баласын күйөөсүнө таарынганынан улам сабап, уруп жаткандагы видеосун жолдошуна жөнөткөндүгү белгилүү болгон. Андан соң, мындан 4 ай мурун келиндин атасы жана бир тууган иниси Тажикстандын кол салуусунан каза болуп, апасы башынан катуу жаракат алганы маалым болгон.

Кечээ, 1-февралда аталган аялды сот бир айга камакка алуу чечимин чыгарды.






Жогорку Кеңеш 02.02.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.02.2023. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул бугун какыс кукус кылыптыр эртен Уруп майып кылып койсо сен жооп бересинби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: