Шахмат калыстары Дамиль Токтогонов жана Азиз Умарбеков ФИДЕнин калыстарына айланышты
Кыргызстандык шахмат калыстары Дамиль Токтогонов жана Азиз Умарбеков Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) калысына айланышты. Бул тууралуу 9-декабрда КРнын Шахмат федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жогоруда аты аталган калыстар Эл аралык шахмат федерациясынан “Эл аралык категориядагы калыс” сертификатын алышты.
Бул категориядагы кыргызстандык башка калыстар ишмердүүлүгүн токтотконуна байланыштуу Кыргызстанда шахмат калыстарынын ичинен Эл аралык категориядагы даража Дамиль Токтогонов менен Азиз Умарбеков гана экени айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.