super.kg logo

Токаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Казакстанда өткөрүүнү уюштурууну тапшырды

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Казакстанда өткөрүүнү уюштурууну тапшырды. Мындай маалымат Казакстан президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Токаев мындай тапшырманы Спорттун улуттук түрлөрү ассоциациясынын президенти Исламбек Салжанов менен жолугушууда берген.

"Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Ал белгилегендей, бул масштабдуу иш-чаранын жүрүшүндө чакан жана орто бизнестин, анын ичинде туризм, элдик кол өнөрчүлүк, тейлөө чөйрөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттар түзүлүшү керек", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Токаев спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, ат оюндарын өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыздоону тапшырган.

Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын сентябрь айында Түркиянын Изник шаарында өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: