Таиланддын премьер-министри кызматтан кетти
Таиланддын
премьер-министри Йинглак Чинават отставкага кетти жана парламентти таратарын
билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жарыялашты.
Автор: Темирбек Матаев
Бүгүн эртең менен
Йинглак Чинават кызматтан кетерин жергиликтүү телеканалдар аркылуу
маалымдаган. Ал мындай кадамга Бангкоктогу кандуу окуялардын алдын алуу
максатында барганын айтты. Белгилей кетсек, премьер-министр мындай чечимге
бир сутка ичинде келген. Буга чейин ал эл суранмайынча премьер-министрликтен
кетпөөсүн жана парламентти таркатпоосун айткан болчу.
Бүгүн ал премьер-министрлик
кызматын тапшыруу максатында Таиланд ханы Пхумипон Адульядетке кат жибергенин
жар салды. Хандын жаңы жарлыгына ылайык, Йинглак Чинават жаңы парламент
шайланып, өкмөт курамы бекитилгичекти премьер-министрдин убактылуу милдетин
аткаруучу катары кызмат кыла берет. Парламенттик шайлоо 2014-жылдын 2-февралына
белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















