super.kg logo

Украина Грузиядан Саакашвилини Киевге өткөрүп берүүнү суранды

 

Украина Грузияда камакта жаткан Украин жараны Михаил Саакашвилиге карата мамиле боюнча катуу нааразычылыгын билдирди. Мындай маалымат Украинанын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Министрликтин билдирүүсүндө, Украин жаранына карата адам укуктарынын одоно бузулушу Тбилисинин Евробиримдикке мүчө болуу багытында жарыялаган багытына карама-каршы келери жана Грузиядагы демократиянын кыскарганынан кабар берет деп айтылат.

"Грузия бийлиги Михаил Саакашвилиге психологиялык жана физикалык зомбулук көрсөтүп, медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартып, анын өмүрүнө атайылап түздөн-түз коркунуч жаратууда. Саясий өч алуу үчүн адамдын өмүрү менен ойнобогула", - деп айтылат Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле Киев Грузия бийлигин Саакашвилини Киевге өткөрүп берүүгө чакырды.

Михаил Саакашвили 2021-жылы 1-октябрда камакка алынган. Ага бир канча жыл мурун өлтүрүлгөн Сандро Гиргвлиани аттуу банк кызматкеринин иши боюнча айып тагылууда. Саясатчы абакта ачкачылык жарыялап, кайра токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: