"Тойго келдиңизби?". Депутат өкмөттүн өкүлүн сынга алгандан кийин костюм шым кийип келди (видео)
Жогорку Кеңештеги “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Асан Гайыповго костюм менен келишин талап кылды.
"Өкмөттүн өкүлү Асан мырза, сиз тойго келдиңизби? Жемпирчен келиптирсиз. Костюмуңуз жокпу? Сиз бизге келген конокторго үлгү болушуңуз керек да. Жакшынакай болуп галстук тагынып, костюм шым кийип келбейсизби", - деди Токторбаев.
Депутаттын бул сынынан кийин өкмөттүн өкүлү костюм шым кийип келди.
Депутат өкмөттүн өкүлүн сынга алгандан кийин костюм шым кийип келди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.