Zagreb Open: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат
Бүгүн, 3-февралда Айсулуу Тыныбекова Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдеште килемге чыгат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.
Маалымдалгандай, Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышат. Тыныбекованын алгачкы атаандашы кытайлык Сяоцзюнь Луо болот.
Беттеш Бишкек убактысы менен саат 15:00дө башталат.
Эскерте кетсек, аталган мелдешке Айпери Медет кызы дагы катышууда. Ал 4-февралда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө килемге чыгат.
Мелдеш 1-февралда башталган. Ал эми 5-февралда жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Bakyi

03.02.2023. 16:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызгыз эли үчүн чоң жеңиштерди алып келди рахмат. Эми үй бүлө куруп бала чакалуу бол. Баардык нерсенин эртеси жакшы.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.