super.kg logo
  Спорт  

Zagreb Open: Айпери Медет кызы финалга чыкты

 

Айпери Медет кызы Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынап баштаган.

Ал алгач индиялык Киран Киран аттуу кыз менен килем үстүнө чыгып, атаандашынын далысын жерге басуу менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда кыргыз кызы канадалык Жюстина Ди Стасио менен күрөшүп, анын дагы далысын жерге басып, жеңишке жетүү менен жарым финалга жолдомо алды.

Анда спортчу кытайлык Жуан Ванг менен күрөштү. Кармашта эки упай артыкчылык менен келе жаткан кыргызстандык спортчу кайрадан атаандашынын далысын басканга жетишти.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы 2022-жылдын сентябрь айында Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында дал ушул Жуан Вангга утулуп калган болчу.

Финалдык беттеш бүгүн, 5-февралда орун алат.

Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдеши 1-февралда башталган, бүгүн жыйынтыкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.02.2023. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
06.02.2023. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
06.02.2023. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: