super.kg logo
  Спорт  

Казакстандын эң сулуу дзюдочусу утулгандан кийин атаандашын тиштеп салды (видео)

 

Коңшу казакстандык дзюдочу Айгерим Абилкадирова Париждеги Чоң шлем турниринде атаандашына утулуп жатып аны тиштеп салды.

Ал Париждеги турнирдин алгачкы беттешинде 52 килограммга чейинки категорияда бельгиялык Шарлин ван Сникке утулган. Калыс беттешти токтотуп жаткан маалда казакстандык дзюдочу атаандашын тиштеп жиберген. Кийинчерээк ал бул окуя боюнча билдирүү жасады. Айтымында ал утулганын билдирип жер чапканына карабай атаандашы колун кайрыган.

"Мен бардык диван сынчыларына жооп бергим келет. Кечээ мен Париждеги Чоң шлемде бельгиялык спортчу менен беттештим. Ал менин колумду кайрып туруп алды. Мен багынып берген белгини бердим, бирок ага карабай бельгиялык спортчу колумду кайрый берди. Чыканагымдагы кычыраган үндү уккандан кийин, мен аны тиштеп алдым. Мунун бардыгына калыс эч кандай реакция кылган жок жана күрөштү токтоткон жок", - деди ал.

Белгилей кетсек, Айгерим Абилкадирова Казакстандагы титулдуу спортчу гана эмес, эң сулуу спортчулардын бири.






Казакстандык дзюдочу атаандашын тиштеп алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: