super.kg logo

Түркиядагы зилзалада каза болгондордун саны 200дөн ашты

 

Түркияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөдө каза болгондордун саны 284 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн вице-президенти Фуат Октайга таянуу менен чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, каза болгондордун көпчүлүгү жер силкинүүнүн очогу болгон Кахраманмараш провинциясында катталган.

"Жер титирөөдө каза болгондордун саны 284кө жетти. 2323 адам жаракат алган. 1700дөн ашык турак жайлар кыйрады", - деген Октай.

Буга чейин жер титирөөнүн кесепетинен өлкөнүн жети аймагында 76 адам каза болуп, 440 адам жарадар болгону айтылган.

Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу жаратылыш кырсыгынан 10 калаа: Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Османие, Адыяман, Малатья, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис шаарлары жабыркаганын маалымдаган.

Маалымдама: бүгүн, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алды. Жер титирөө Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: