super.kg logo

Түркиядагы жер титирөө тарыхый Газиантеп чебин талкалады

 

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Газиантеп чеби Түркиядагы жер титирөөдөн улам урап түштү. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, тарыхый Газиантеп чебинин чыгыш, түштүк жана түштүк-чыгыш тарабындагы кээ бир жерлери жер титирөөдөн кыйрап, урандылар жол боюна чачылган. Ошондой эле жер титирөөдөн чептин короосун курчап турган темир тосмолор айланадагы тротуарларды бойлой чачырап, таяныч дубал да урап түшкөн. Жер титирөөдөн кийин чептин кээ бир жерлеринде чоң жаракалар байкалган.

Бүгүн, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алды. Ал Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен өлкөнүн жети аймагында 76 адам каза болуп, 440 адам жарадар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: