super.kg logo

Түркияда төртүнчү ирет катуу жер силкинди

 

Бүгүн, 7-февраль күнү эртең менен Түркиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянуу менен түрк басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Бишкек убактысы боюнча саат 09:13тө катталган. Жер титирөөнүн очогу 223 миң калкы бар Адыяман шаарынан 57 чакырым жана 28 миң калкы бар Гөлбашы шаарынан 5 чакырым алыстыкта болгон.

Азырынча бул жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3800дөн ашты. Түркия дүйшөмбү күнү кечкиге карата 2379 адам каза болуп, 14 миң 483 адам жаракат алганын билдирсе, Сирияда кеминде 1444 адам каза болуп, 3530 адам жаракат алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: