super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Садыр Жапаров дагы бир жолу Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан жер титирөөлөрдүн кесепетинен улам көп сандаган адамдардын өлүмүнө байланыштуу түрк элине жана анын лидерине көңүл айтты.

Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабырдуулук, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Президент Садыр Жапаров ушул кыйын учурда Кыргызстан боордош Түркиянын жанында болгонун жана кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Буга чейин мамлекет башчынын тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар, медицина кызматкерлери, психологдор жана кинологдордон турган атайын тобу Түркияга жөнөтүлгөн.

Садыр Жапаров түрк элинин каармандык сапаттарын белгилеп, Түркия бул оор күндөрдү кайраттуулук менен басып өтөрүнө ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине кыйын учурда колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: